Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-декабры № 50
Ош шаарынын мэриясынын жол башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылга бекитилген иш планына ылайык Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Жунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 13-декабрындагы №52-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Жунусовдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын жолдор башкармалыгынын 2016-жылга белгиленген иш пландарынын аткарылышы жөнүндө маалымат Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын январь айындагы отурумунда каралсын.
3. Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгына (А.Жунусов):
-Ош шаарындагы жолдорго асфальт төшөө иштеринин долбооруна асфальтты жол четиндеги арыктарга чейин төшөөнү киргизүү;
-ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлоруна тротуар курууну киргизүү;
-жолдун чуңкурларын оңдоп-түзөө иштеринин сапатын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |