Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы (IV чакырылыш)
2016-жылдын 26-декабры № 51
Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылга бекитилген иш планына ылайык Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын башчысы Т-Ш.Марифовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 10-августундагы №18 жана Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 24-августундагы №13-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын башчысы Т-Ш.Марифовдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Т-Ш. Марифов) Ош шаарынын 2016-жылдын 29-мартында бекитилген Башкы планына ылайык Ош шаарындагы жерлердин зоналарга бөлүү картасын мыйзамда каралган тартипте жаңылоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |