Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-декабры № 52
Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жертилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгөмакулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы №136/08-5, 12-декабрындагы №493/08-5 «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү» каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 7-декабрындагы №48 жана 13-декабрындагы №55-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын аймагында жайгашкан төмөндөгү жер тилкелеринин максаттык багыттарын Ош шаарынын Башкы планында көрсөтүлгөн жер пайдалануу багыттарын (зоналарын) сактоо шарты менен өзгөртүүгө макулдук берилсин:
-Ош шаарынын №2 «Достук» аймактык кеңешинин Пушкин көчөсү №16 дарегиндеги А.Купуевага таандык 989,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «турак-жай, калктуу конуш» багытынан «социалдык» багытына;
-Ош шаарынын №6 «Манас-Ата» аймактык кеңешинин Салиева көчөсүндөгү «Озтопрак» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык 1800,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «коммерциялык» багыттан «көп кабаттуу турак-жай» багытына.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жогоруда аталган жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүдө тиешелүү мыйзамдардын, архитектуралык, санитардык жана экологиялык шарттардын аткарылышын көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык
жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |