Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26 -декабры № 53
Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелерин «айыл чарба» категориясынан «социалдык» багытына трансформациялоо жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 28-июнундагы Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылында жайгашкан 0,50 га, Жапалак айылында жайгашкан 1,0 га, Кеңеш айылында жайгашкан 0,50 га жер тилкелерин трансформациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоого макулдук берүү жөнүндөгү № 351/08-6 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы №44-токтомуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 7-декабрындагы №45-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылында жайгашкан 0,50 га, Жапалак айылында жайгашкан 1,0 га, Кеңеш айылында жайгашкан 0,50 га жер тилкелерин «айыл чарба» категориясынан «социалдык» категорияга трансформациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен сунуштоого макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) аталган жер тилкелерин трансформациялоо маселелери боюнча мыйзамда каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |