Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-декабры № 54
Ош шаарынын Супаналиев көчөсү №3 «Б» дарегинде жайгашкан жыгач үйү административдик имаратын тиешелүү жер тилкеси менен «ОшТВ» телерадиокомпаниясына мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 12-декабрындагы №494/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 13-декабрындагы №50-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Супаналиев көчөсү №3 «Б» дарегинде жайгашкан жыгач үйү административдик имаратын тиешелүү жер тилкеси менен «ОшТВ» телерадиокомпаниясына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү маселеси терең иликтенип, кайрадан кароо үчүн кийинки сессияга сунушталсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |