Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-декабры № 55
Ош шаарындагы кээ бир көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 12-октябрындагы №417/08-6, 2-декабрындагы №482/08-6 каттарын, Ош шаарындагы географиялык аталыштардын атын коюу жана өзгөртүү жөнүндөгү атуулдардын жана эмгек жамааттарынын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча комиссиянын отурумунун 2016-жылдын 28-сентябрындагы №1-, 24-ноябрындагы №3-протоколдорун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү Жобого» ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 13-декабрындагы №49-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ош шаарынын төмөндөгү аты жок көчөлөрүнө төмөнкү аталыштар ыйгарылсын
- Ош шаарынын Арек айылындагы жаңы конуштагы аты жок көчөгө эмгек ардагери Абылов Ормондун аты (№1 тиркелген чиймеге ылайык);
- Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын жаңы конушундагы аты жок көчөгө эмгек ардагери Ташболотов Эшболоттун аты (№4 тиркелген чиймеге ылайык);
- Ош шаарынын Арек айылындагы жаңы чек көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Оморалиев Шамшинин аты (№6 тиркелген чиймеге ылайык);
- Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Ынтымак конушундагы №1 жаңы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Алимбаев Насирдиндин аты (№11 тиркелген чиймеге ылайык);
- Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Ынтымак конушундагы №2 жаңы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Осмонов Насирдин аты (№12 тиркелген чиймеге ылайык);
- Ош шаарынын Исанов көчөсү менен Ленин көчөсүн бириктирген жаңы көчөгө коомдук жана саясый ишмер Вахапова Санавардын аты (№15 тиркелген чиймеге ылайык).
Төмөнкү көчөлөрдүн аталыштары өзгөртүлсүн:
-Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы Гүлбаар көчөсү-Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Алыбеков Тагай атындагы көчөгө (№2 тиркелген чиймеге ылайык);
-Ош шаарынын Тээке айылындагы Тээке көчөсү-Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Тургунбаев Шакир атындагы көчөгө (№3 тиркелген чиймеге ылайык);
-Ош шаарындагы Яшлар-2 көчөсү-Афган согушунда курман болгон Раимжанов Мирзакарим атындагы көчөгө (№5 тиркелген чиймеге ылайык);
-Ош шаарынын М.Ломоносов атындагы көчөсү-Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аматов Мирзали атындагы көчөгө (№7 тиркелген чиймеге ылайык);
-Ош шаарынын Ленинград көчөсү-Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү акын, обончу жана аткаруучу Шамшиев Жеңишбек атындагы көчөгө (№8 тиркелген чиймеге ылайык);
-Ош шаарынын Мичурин атындагы көчөсү-мамлекеттик ишмер Маатов Суеркул атындагы көчөгө (№9 тиркелген чиймеге ылайык);
-Ош шаарынын Парижская Коммуна көчөсү-эмгек ардагери Касымова Саламатхан атындагы көчөгө (№10 тиркелген чиймеге ылайык);
-Ош шаарынын Клубный көчөсү-Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Нургазиев Мухтар атындагы көчөгө (№13 тиркелген чиймеге ылайык);
-Ош шаарынын 215 «А» кварталындагы № 1 көчө-коомдук жана саясый ишмер Карашев Азим атындагы көчөгө (№14 тиркелген чиймеге ылайык);
-Ош шаарынын Амир-Темир аймактык кеңешиндеги №105 көчө- эмгек ардагери, өрт кызматынын түптөлүшүнө зор салым кошкон Шарипов Шарипжан атындагы көчөгө (№16 тиркелген чиймеге ылайык).
3. Көчөлөрдүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) милдеттендирилсин.
4. Көчөлөрдүн аты жазылган көрнөк такталарды орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
5.Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Т.-Ш. Марифов), шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Жолдошов) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |