Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы № 17
«Кара-Суу айыл өкмөтүн Уставын жаны редакцияда кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө”
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 21, 31 - беренесинин негизинде Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу айылдык аймагынын «Кара-Суу айыл өкмөтүнүн» Уставы кыргыз тилинде жаны редакцияда бекитилсин.
2.Кара-Суу айыл өкмөтү тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Ушул чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же)жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | Эсенкул уулу Памир
|