ТоктомКүчүндө

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН 2017-жылдын 12-майындагы № 18 «Кара-Суу айыл аймагындагы «Ак- Булак» муниципалдык ишканадагы техникаларды кароодон өткөрүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

7-чакырылышынын 6-кезексиз сессиясы

2017-жылдын 12-майы № 18

 

 “Кара-Суу айыл аймагындагы “Ак- Булак” муниципалдык ишканадагы техникаларды кароодон өткөрүү жөнүндө”

 Кара-Суу айыл аймагындагы “Ак-Булак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Баялиев Мырзабектин ишканадагы техникаларды кароодон өткөрүү керек экендиги жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кара-Суу айылдык аймагынын “ Ак-Булак”муниципалдык ишканасындагы техникалар кароодон өткөрүлсүн.

2. Техникаларды кароодон өткөрүү жагы “ Ак-Булак” ишканасынын жетекчиси М.Баялиевге милдеттендирилсин.

3. Техникаларды кароодон өткөрүүдө керектүү иш кагаздарын даярдап жана акча каражатын которуп берүү жагы “Ак-Булак” ишканасынын эсеп-кысап бухгалтери Д.Мамадалиевге милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландарын бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Төрага

Эсенкул уулу Памир