Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-декабры №58
«Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө» типтүү Жобону бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 13-октябрындагы «Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө» типтүү Жобону бекитүү жөнүндөгү №129-08-5 катын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 4-беренесине ылайык жана Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 3-пунктун ишке ашыруу максатында, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 13-декабрындагы №5–токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө” типтүү Жобо кезектеги сессиянын кароосуна калтырылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына:
- “Ош шаарындагы кварталдык жана үй комитеттер жөнүндө” Жобону иштеп чыгуу;
- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктардын түзүмүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык түзүп, “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө” типтүү Жобо менен биргеликте Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунуштоо милдеттендирилсин;
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Каримбеков) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |