Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-январы № 1
«Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө»
Жашыруун добуш берүүнүн жана добуштарды саноонун жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктуна, 36,37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпчүлүк добуштун негизинде (11 добуштан 7 добуш) айылдык кеңештин төрагасы болуп Алманиязов Рашид Абдылдаевич шайлансын.
2. Көпчүлүк добуштун негизинде (11 добуштан 5 добуш менен көпчүлүгү) айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Юсупов Рысбай Узакбаевич шайлансын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |