Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-январы № 2
«Айылдык кеңештин төмөнкүдөй туруктуу комиссиялары түзүү жөнүндө»
Талкуулап жана ой-пикир менен алмашып, ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32,36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин төмөнкүдөй туруктуу комиссиялары түзүлсүн:
1.1. Жер маселелери, мал чарба, ветеринария жана экология боюнча комиссиясы кийинкидей курамда:
- комиссиянын төрагасы Сатаев Д.Ж.;
- комиссиянын мүчөлөрү: Коблашеа А.Т., Мамырбаеа У.Т.
1.2. Бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясы кийинкидей курамда:
- комиссиянын төрагасы Нурмухамбетов М.Дж.;
- комиссиянын мүчөлөрү: Муздыбаева М.К., Балтыриков М.Б.
1.3. Социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо комиссиясы кийинкидей курамда:
- комиссиянын төрагасы Арпачиеа А.К.;
- комиссиянын мүчөлөрү: Кенджебаева Л.С., Иманкулоа К.Ж.
2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р.Алманиязов |