Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 5
«Чапаев айылдык кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө»
Чапаев айылдык кеңешинин регламентинин долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна, 36 жана 37-бренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чапаев айылдык кеңешинин регламенти тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын жана айылдык кеңештин ишин ушул токтом менен кабыл алынган регламентке ылайык уюштуруусун камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р.Алманиязов |