Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-марты № 7
«Айыл өкмөттүн 2017-жылга карата бюджетин жана айыл өкмөттүн 2018- 2020-жылдарга карата орто мөөнөттөгү болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө»
Айыл өкмөтү сунуштаган 2017-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоорун карап чыгып, каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы М.М.Султаналиеванын айыл өкмөттүн кирешеси жана чыгашасы боюнча айтылган маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 36 жана 37-бренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн 2017-жылга карата кирешеси боюнча суммасы 4058,6 миң сом жана чыгашасы боюнча бюджети 4058,6 миң сом суммада, анын ичинде атайын каражаттын кирешеси жана чыгашасы 6,8 миң сом суммада бекитилсин.
2. Айыл өкмөттүн 2017-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү төмөнкүдөй түрдөгү түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн:
- салык агенти төлөгөн киреше салыгы | 1624,0 миң сом |
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 54,0 миң сом |
- кыймылсыз мүлккө болгон салык | 10,0 миң сом |
- кыймылдуу мүлккө болгон салык | 235,0 миң сом |
- короо жай жер участокторун пайдалагандыгы үчүн жер салыгы |
30,0 миң сом |
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы |
1020,0 миң сом |
- айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы |
78,0 миң сом |
- соодага карата салык | 10,0 миң сом |
- жер казынасын пайдалануу салыгы (роялти) | 4,0 миң сом |
- АЧЖМФнун жерлердин ижарасын төлөө | 600,0 миң сом |
- имарат-жайлардын ижарасын төлөө | 15,0 миң сом |
- таштандыларды чогултуу жана алып кетүү | 0,5 миң сом |
-теңөө гранттары | 371,3 миң сом |
Бюджет боюнча бардык кирешелер | 4051,8 миң сом |
Атайын каражат боюнча |
|
- маалымкаттарды, күбөлүктөрдү жана башкаларды каттоо жана берүү боюнча квалификациялуу эмес кызматтар үчүн төлөө |
5,6 миң сом |
- квалификациялуу эмес башка түрдөгү кызматтар үчүн төлөө |
1,2 миң сом |
Атайын каражаттар боюнча бардык кирешелер | 6,8 миң сом |
Жалпы кирешелер | 4058,6 миң сом |
3. 2017-жылга карата күндөлүк чыгымдарды каржылоо каражаттары бюджеттик квалификациянын тобу боюнча төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
- аткаруу органы (аппарат) | 2153,3 миң сом |
- жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башка иш-чаралар |
30 миң сом |
- башка категорияларга кирбеген экономикалык маселелер | 140,0 миң сом |
- башка туракжай-коммуналдык кызматтар | 20,0 миң сом |
- клуб | 338,8 миң сом |
- китепкана | 169,1 миң сом |
- маданият боюнча башка иш-чаралар | 100,0 миң сом |
Орто билим берүү |
|
- Спартак о.м. | 825,6 миң сом |
- Красный Пахарь б.о.м. | 175,0 миң сом |
- интернаттык түрдөгү мекемелер аркылуу эмес көрсөтүлгөн социалдык коргоо кызматтары |
100,0 миң сом |
Бюджет боюнча бардык чыгашалар | 4051,8 миң сом |
Атайын каражаттар боюнча |
|
- аткаруу органы (аппарат) |
|
канцелярдык товарларды сатып алуу | 6,8 миң сом |
Жалпы чыгашалар | 4058,6 миң сом |
4. Максаттуу эмес багыт боюнча бюджеттик каражаттарды чыгымдоо үчүн жоопту жетекчилер жеке жоопкерчилике тартылаары белгиленсин.
5. Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылга карата чыгашаларын каржылоо накталай келип түшкөн кирешелердин чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин, ошол эле учурда корголгон статьялар боюнча кызмат акы, социалдык фондко чегерүү, коммуналдык кызматтарды төлөө биринчи кезекте каржыланат.
6. Жергиликтүү бюджет боюнча чыгымдоо сметасына эсеп-кысап 4058,6 миң сом суммада каралып, бекилгендиги эске алынсын.
7. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган бюджеттик мекемелердин жетекчилери 2 жуманын ичинде индивидуалдуу чыгымдоо сметасын түзсүн жана каржылоо тартибин бекемдөө боюнча чара көрүшсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 110-беренесине ылайык айыл өкмөттүн жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчанын көлөмү 140,0 миң сом суммасында бекитилсин.
9. Айыл өкмөттүн 2018-2020-жылдарга орто мөөнөттөгү болжолдуу бюджети төмөнкүдөй көлөмдө бекитилсин:
- 2018-жылы 3850,0 миң сом суммасында;
- 2019-жылы 3900,0 миң сом суммасында;
- 2020-жылы 3950,0 миң сом суммасында.
10. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
11. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.
12. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |