Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-марты № 8
«Чапаев айыл өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн 2017-жылга карата штаттык саны 12 бирдикте, анын ичинде кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлер - 2 бирдикте бекитилсин.
2. Айыл өкмөттүн 2017-жылга карата штаттык ырааттамасы бекитилсин.
3. Клубтардын штаттык ырааттамасы 5,0 бирдик санында бекитилсин.
4. Китепканалардын штаттык ырааттамасы 2,5 бирдик санында бекитилсин.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
7. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р.Алманиязов
|