Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-марты № 9
«Короо жай жер участокторун пайдалагандыгы үчүн жер салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 338-беренесине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Короо жай жер участокторун пайдалагандыгы үчүн жер салыгынын ставкасы 100 кв.м. короо жай жер жер участогуна -10,0 сом көлөмдө бекитилсин:
2. Короо жай жер жер участогундагы өзүн каржылоо 20,0 сом көлөдө бекитилсин.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |