Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 3/5
“Жергене таштанды тогуучу жайдын батыш тарабында жайгашкан К.Абдраимовдун кайракы 0.35 га улуш жер аянтын пайдалануу үчүн, айыл өкмөттүн мамлекеттик фондусунун жер аянтынан убактылуу ижарага берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндөгү” кодексинин талаптарын жетекчиликке алып жана Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 03.08.2017-жыл № 2 “Жергене таштанды тогуучу жайдын батыш тарабында жайгашкан К.Абдраимовдун кайракы 0.35 га улуш жер аянтын алмаштырып чечип берүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Жергене таштанды тогуучу жайдын батыш тарабында жайгашкан К.Абдраимовдун кайракы 0.35 га улуш жер аянтын пайдалануу үчүн, айыл өкмөттүн мамлекеттик фондусунун жер аянтынан убактылуу ижарага (арендага) берүү жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге милдеттендирилсин.
2. Жергене таштанды тогуучу жай толуп усту жабылгандан кийин улуш жердин ээси К.Абдраимовго пайдаланылган жер аянты кайтарылып берилсин.
3. Жер аянтын убактылуу алмаштырып беруу боюнча тийиштуу документтерин жана болунгон жер аянтынын укук берүүчү документтерин даярдоо жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңешинин агрардык, азык- тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер, жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Солпуевге жүктөлсүн
Төрага | Б.Саипов
|