Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 3\ 7
«Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгу” беренесинин, 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитуу, бюджеттин аткарылышынын журушу жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгу” жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 “Тиешелуу аймактын социалдык-маданый инфраструктурасын онуктуруу Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгу” бөлүмчөсүнө ылайык жана депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим беру, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 02.08.2017-жыл № 2 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине өзгортүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу жөнүндөгу” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетинин киреше бөлүгү 5.962.428 (беш миллион тогуз жүз алтымыш эки миң төрт жүз жыйырма сегиз) сом толуктоолор киргизилсин.
Айыл тургундарын ичүүчү таза-суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында Кара-Кулжа айылындагы Аэропорт учаскасында жайгашкан 2 (эки) даана Артезиан кудугун ондоого жана жаны электр энергия кыймылдаткычтарын орнотууга Жергиликтүү бюджеттен 1.168.380 (бир миллион бир жуз алтымыш сегиз мин үч жүз сексен) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
“Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасынын SAMSUNG -132 маркасындагы эксковатордун оңдоо иштерине 175.000 сом, КАМАЗ-3551 1 маркасындагы автомашинанын ондоого 110.000 сом, Универсал Беларус-82 маркадагы трактордун оңдоо иштерине 53.000 сом, Жергене таштанды төгүүчү жайдын тегерегин тосууга 130.000 сом, жолдорду жарыктандыруусунун электрэнергиясына 200.000 сом жана ГСМ чыгымдарына 50.000 сом, эмгек акысына 60.000 сом жалпысынан 778.000 (жети жүз жетимиш сегиз миң) сом айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
М.Алиев атындагы кочосундо жайгашкан темир бетон ЖБ маамычаларга омуру орнок атуулдардын суротун илдируу банерин орнотууга жана башка чыгымдарга, айыл өкмөтүнүн аймагындагы жанылыктарды, тасаларды Кыргыз теле жана радио беруусуно (КТР) чагылдырууга келишимдин негизинде жана жардамга муктаж үй-бүлөөлөргө социалдык колдоо көрсөтүүгө жалпысынан 350.000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жалпы инфраструктурасын көтөрүүгө 298.900 (эки мин тогуз жүз сегиз миң тогуз жүз ) сом бөлүнүп берилсин.
Биймырза айылынын инфраструктурасын көтөрүүгө 450.000 (төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |