Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 3 \ 9
“Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгу” беренесинин, 5 «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгу» бөлүмчөсүнө жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 “Тиешелүү аймактын социалдык-маданый инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгу” бөлүмчөсүнө ылайык жана депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 02.08.2017-жыл № 2 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгу” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Азирети-Билал атындагы мечиттин жер аянтына курулуп жаткан Артезиан кудугун курууга 2018-жылга карата туртку берүүчү грантка документтерин тариздөөгө, курулуштун ПСД даярдоого 400.000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.“Сейил” багын оңдоп түзөөгө, фантан курулушун реконструкциялоого 2.089.838 (эки миллион сексен тогуз миң сегиз жүз отуз сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Төрага | Б.Саипов |