Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 3 \ 12
“Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын мандайындагы “Ленин” багын Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 -беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгу» бөлүмчөсүн жана Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндөгу” кодексинин 76-беренесинин 1 жана 2 бөлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгу” Мыйзамынын 3-беренесинин 1 жана 2 бөлүктөрүн жетекчиликке алып депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын мандайындагы “Ленин” атындагы багы Кара-Кулжа айыл муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2.Жер аянтынын документтерин жана жер аянтына укук берүүчү документтерин даярдоо жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңешинин агрардык, азык- тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер, жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын торагасы Д.Солпуевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов
|