Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 3 \ 14
«Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 1-Май айылындагы муниципалдык менчикте турган А.Юсупов атындагы орто мектебинин жер аянтына спорт зал курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгу» бөлүмчөсүн жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгу» Мыйзамынын 3- беренесинин 1 жана 2 бөлүктөрүн жана 19 “Муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескоо тартибин белгилөө жөнүндөгу” статьясын жетекчиликке алып депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 1-Май айылындагы муниципалдык менчикте турган А.Юсупов атындагы орто мектебинин жер аянтына спорт зал курууга жер аянты бөлүнүп берилсин.
Жер аянтынын документтерин жана жер аянтына укук берүүчү документтерин даярдоо жаты Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов
|