ТоктомКүчүндө

Кара -Кулжа айылдык Кенешинин 2017-жылдын 27-октябрындагы № 4 \ 4 «Мектеп алдында уюштурулган 1-Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылындагы бала бакчалардын жер аянтын чечип берүү жөнүндө» токтому

Редакция27.10.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кезексиз төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

 

2017-жылдын 27-октябры № 4 \ 4

«Мектеп алдында уюштурулган 1-Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылындагы бала бакчалардын жер аянтын чечип берүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчиги жөнүндө'’ мыйзамынын № 6 “Мамлекеттик менчик имараттарды, муниципалдык менчикке өткөрүү айылдык кенештин макулдугу менен жүргүзүлүшү жөнүндөгү” статьясына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31- беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүнө ылайык Кара -Кулжа айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Мектеп алдында уюштурулган 1-Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылындагы бала бакчалардын жер аянтын чечип беруу аткарууга алынсын.

1-Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылындагы бала бакчаларга тийиштуу жер аянттарынын карта-схемасын даярдап жана жер аянтарын тактап мамлекеттик АК Т сын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге милдеттендирилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын. 

 

Төрага

Б.Саипов