ТоктомКүчүндө

Кара -Кулжа айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 27-октябрындагы № 4 \ 5 «Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2017-жылга аткарып жаткан ишинин аткарылышынын абалы жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 кезексиз төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

2017-жылдын 27-октябры № 4 \ 5

 

«Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2017-жылга аткарып жаткан ишинин аткарылышынын абалы жөнүндө”

Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Сөлпүевдин билидирүүсүн угуп жана талкуулап Кара -Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2017-жылга аткарып жаткан ишинин аткарылышынын абалы канаттандырарлык эмес деп табылсын.

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2017-жыл бюджетинин 9-айынын аткарылышынын киреше жана чыгаша бөлүгүндө кемчилдиктер белгиленсин.

Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) төрагасы А.Бегимкановдун ээлеген кызмат оорду каралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаты депутаттардык Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн. 

 

Төрага

Б. Саипов