Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 4 \ 6
“Кара-Кулжа айылындагы № 10 контурда жайгашкан мамлекеттик фондусунун жер аянтынан мектеп курууга 80 (сексен) сотых жер аянтын бөлүп беруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 14.09.2017-жыл № 174 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга маротория киргизүү жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 3- “Мамлекеттик же муниципалдык гана турган менчикте турган билим беруу жана саламаттыкты сактоо обьектерине. дене тарбия ден-соолукту чындоо комплекстерин курууга бөлүнгөн жерлер " болугун жана Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндөгү” кодексинин 18-беренесинин Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясындагы 4-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндөгү” кодексинин 20-беренесинин, 12- бөлүкчөсүнүн талаптарына ылайык баалуу айыл чарба жерлерин башка категорияга которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктарына киргендигинин негизинде жана айыл өкмөтүнүн 23.10.2017-жыл № 240 сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кара-Кулжа айылындагы № 10 контурда жайгашкан мамлекеттик фондусунун жер аянтынан мектеп курууга 80 (сексен) сотых жер аянтын болуп берүү үчүн жер аянтын которуу (трансформациялоо) жагы Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Жер аянтын бир категориядан башка категорияга (трансформациялансын) которуу боюнча тийиштуу документтерин жана болунгон жер аянтынын укук берүүчү документтерин даярдоо жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ормокеевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара -Кулжа айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |