ТоктомКүчүндө

Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 27-октябрындагы № 4 \ 10 «Кара-Кулжа айылында жайгашкан «Автобекет», «Ош-3000» Шаркыратма жана «Гул-Азык» базарларынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу максатында тазалык (санитардык) күнүн жана убактысын бекитүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кезексиз төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

 

2017-жылдын 27-октябры № 4 \ 10                     

 

“Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Автобекет”, “Ош-3000” Шаркыратма жана “Гул-Азык” базарларынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу максатында тазалык (санитардык) күнүн жана убактысын бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын 20.03.2002-жыл 40 "Кыргыз Республикасында ички соода жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесин жана Кыргыз Республикасынын 24.07.2009-жыл 248 "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндөгү” мыйзамынын 22-1 -беренесин жетекчиликке алып Кара-Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Автобекет”, “Ош-ЗООО” Шаркыратма жана “Гул- Азык” базарларынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу максатында ар бир жуманын дуйшөмбу күндөрү саат 8-00 дон 12-00 го чейин тазалык (санитардык) күнү, убактысы белгиленсин жана турмуш-тиричиликтен чыккан таштандыларды тазалоо иштери жүргүзулсүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-жыл № 201 "Тамак аш азыктарын дун жана чекене сатуу жана коомдук тамак-аш имараттарына коюлган санитардык- эпидемиологоялык талаптардын ченемдерине жана эрежелерине ылайык иш алып баруу жөнүндөгү” токтомун аткаруу жана калктуу конуштардагы катуу тиричилик калдыктарын жок кылуу, тазалыкты камсыздоо жагы “Автобекет”, “Ош-3000” Шаркыратма жана “Гул- Азык” базарларынын жетекчилерине жана жеке ишкерлерге милдеттендирилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Саипов