Редакцияот 15.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кезексиз бешинчи сессиясынын  (VI шайланган) жыйналышы

 

2017-жылдын 15-декабры № 5/6

 

«Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1 -Май айылындагы “Кок-Жар-Сай” копуросун калыбына келтирүүгө өткөрүп берүүчү гранттан келген 2.200.000 (эки миллион эки жүз) сом акча каражатын, Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев- Суранбай. М.Алиев-Т.Жээнбеков, Т.Жээнбеков-К.Момбеков жана Ж.Калматаев- Ч.Пазылов атындагы көчөлөрүнүн кесилиштерине светофор орнотууга акча каражатын которуп берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 “Тиешелуу аймактын социалдык-маданый инфраструктурасын өнүктүрүү Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кенешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгу” бөлүмчөсүнө ылайык Кара -Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2.                  Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1-Май айылындагы “Кок-Жар-Сай” көпүрөсүн калыбына келтирүүгө өткөрүп берүүчү гранттан келген 2.200.000 (эки миллион эки жүз) сом акча каражаты Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев-Суранбай, М.Алиев- Т.Жээнбеков, Т.Жээнбеков-К.Момбеков жана Ж.Калматаев- Ч.Пазылов атындагы көчөлөрүнүн кесилиштерине светофор орнотууга акча каражаты которулуп берилсин.

3.                  Кара-Кулжа айылынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, сфетофор орнотууга жетишпеген акча каражатын, айыл өкмөтүндө сатып алуулардан үнөмдөлгөн акча каражатынан толуктоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.

4.                  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардык Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Саипов