Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 5/7
«Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Р.Абдыкадыров атындагы маданият үйүнүн полун алмаштырууга өздүк салымга айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Р.Абдыкадыров атындагы маданият үйүнүн полун алмаштыруу максатында түрткү берүүчү грантка (үлүштүк) жазылган долбоору жөнүндө райондук маданият бөлүмүнүн башчысы И.Турганбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Р.Абдыкадыров атындагы маданият үйүнүн полун алмаштырууга түрткү берүүчү грантка (үлүштүк) жазылган долбоорду колдоого өздүк салым катары Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018- жылдын бюджетинен 730.477 (жети жүз отуз миң төрт жүз жетимиш жети) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Р.Абдыкадыров атындагы маданият үйүнүн полун алмаштырууга түрткү берүүчү грантка (улуштук) жазылган долбоорду колдоп берүү жагы Кара-Кулжа районунун туртку берүүчү грант боюнча комиссиянын курамына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардык Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |