Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 5/10
«Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн резервдик фондудагы 20.000 сом акча каражатын социалдык жардам тармагына которуу жана жардамга, көмөккө муктаж тургундарга колдоо көрсөтүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин, 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” жана 3 “Өзүнүн аймагындагы экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долборлорун пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндөгү отчетторду карайт, ал ар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизүү жөнүндөгү" бөлүмчөсүнө ылайык Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн резервдик фондудагы 20.000 сом акча каражаты, айыл өкмөтүнүн социалдык жардам тармагына которулсун.
2.Миграцияда жүрүп кырсыкка учураган Сейтек уулу Арстанбекке, табигий жаратылыш кырсыктарынан катуу шамалдан июнь 2017-жылы жана чеккен жалгыз бой эне Жунусовага, самбо боюнча республикалык, азиялык жана дүйнөлүк мелдештин жеңүүчүсү (чемпиону) Раимкул уулу Бекназарга жана ноябрь 2017-жылы турак үйү ортонуп кеткен Карыя уулу Тулобердиге колдоо көрсөтүүгө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардык Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн
Төрага | Б.Саипов |