ТоктомКүчүндө

Кара -Кулжа айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-августундагы № 3/2 «Кара -Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 кезексиз үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

 

2017-жылдын 17-августу № 3/2

 

«Кара -Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү туралуу” токтомунун 3-бөлүгүнүн 21-бөлүмчөсүнүн негизинде депутаттардын Кара -Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча томондогу курамда комиссиянын курамы бекитилсин:-

Солпуев Доолотбай:- айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жанажер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, комиссиянын төрагасы (макулдашуу менен).

Д.Кадыров:- айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү :

А.Ормокеев :- Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы.

Б.Жээнбеков :- Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.

Насирдинов Кадырали :- айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселе жана өзгөчө кырдааладар боюнча башкы адиси .

Кадыр уулу Тыныбек:- айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча адиси.

Байымбетов Тыныбек:- алты мандаттуу №4 Биймырза шайлоо шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен).

Байгожоев Уларбий:- сегиз мандаттуу №1 1-Май шайлоо шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен).

Муратбеков Нурадыл:- он мандаттуу № 2 Совет шайлоо шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен).

Н.Мамашов :-айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча жетектоочу адиси.

11 .Кудайбердиев Сайдилкадыр:- Биймырза айылынын айыл башчысы.

Алиев Эмил :-  1-Май айылынын айыл башчысы

Таиров Эрмен :-          Аксакалдар сотунун мүчөсү.

2. Кара -Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлеринин 1 га-чоп орунду жер 600 сом. 1 га кайрак айдоо жер 1200 сом, сугат айдоо жер 1 га - 3300 сом жана бак 1 га жер аянты I категория -3000 сом (сугат жер), II категория -2000 сом (кайрак айдоо жер), III -1100 сом (таштак жер) өлчөмүндө баштапкы баасы бекитилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Саипов