Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 3/7
«Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгу” беренесинин, 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгу” жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 “Тиешелүү аймактын социалдык-маданый инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгу” бөлүмчөсүнө ылайык жана депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 02.08.2017-жыл № 2 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгу” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетинин киреше бөлүгү 5.962.428 (беш миллион тогуз жүз алтымыш эки миң төрт жүз жыйырма сегиз) сом толуктоолор киргизилсин.
Айыл тургундарын ичүүчү таза-суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында Кара-Кулжа айылындагы Аэропорт учаскасында жайгашкан 2 (эки) даана Артезиан кудугун ондоого жана жаны электр энергия кыймылдаткычтарын орнотууга жергиликтүү бюджеттен 1.168.380 (бир миллион бир жүз алтымыш сегиз миң үч жүз сексен) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
“Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасынын SAMSUNG -132 маркасындагы эксковатордун ондоо иштерине 175.000 сом, КАМАЗ-3551 1 маркасындагы автомашинанын ондоого 110.000 сом, Универсал Беларус-82 маркадагы трактордун ондоо иштерине 53.000 сом, Жергене таштанды тогуучу жайдын тегерегин тосууга 130.000 сом, жолдорду жарыктандыруусунун электрэнергиясына 200.000 сом жана ГСМ чыгымдарына 50.000 сом, эмгек акысына 60.000 сом жалпысынан 778.000 (жети жүз жетимиш сегиз миң) сом айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
М.Алиев атындагы көчөсүндө жайгашкан темир бетон ЖБ маамычаларга өмүрү өрнөк атуулдардын сүрөтүн илдирүү банерин орнотууга жана башка чыгымдарга, айыл өкмөтүнүн аймагындагы жанылыктарды, тасаларды Кыргыз теле жана радио берүүсүнө (КТР) чагылдырууга келишимдин негизинде жана жардамга муктаж үй-бүлөөлөргө социалдык колдоо көрсөтүүгө жалпысынан 350.000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Кара-Кулжа айыл окмотунун жалпы инфраструктурасын которууго 298.900 (эки мин тогуз жуз сегиз мин тогуз жуз ) сом бөлүнүп берилсин.
Биймырза айылынын инфраструктурасын көтөрүүгө 450.000 (төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов.
|