Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 3/8
«Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгу” беренесинин, 5 «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгу» бөлүмчөсүнө жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 “Тиешелуу аймактын социалдык-маданый инфраструктурами өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгу” бөлүмчөсүнө ылайык жана депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 02.08.2017-жыл № 2 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгу” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1.Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев көчөсүндө жайгашкан Р.Абдыкадыров атындагы маданият үйүн оңдоо иштерине айыл өкмөттүн бюджетинен өздүк салым катары 81.600 (сексен бир мин алты жүз) сом жана Биймырза айылындагы К.Момбеков көчөсүндө жайгашкан ден-соолукту чындоо борборунун оңдоо иштерине айыл өкмөттүн бюджетинен өздүк салым катары 87.000 (сексен жети миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Сары-Камыш айылындагы Бекназарова атындагы балдар бакчасынын 2-кабатын ондоо иштерине 206.600 сом, Сары-Камыш айылындагы К.Ормокеев атындагы орто мектебинин ажатканасынын курулушуна 134.233 сом жана 1-Май айылындагы Жоогазын атындагы балдар бакчасынын чатырын, полун ондоо иштерине 140.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык оңдоого 2.500.000 (эки миллион беш жүз миң) сом жана 1-Май айылындагы “Кок-Жар-Сай” көпүрөсүн калыбына келтирүүгө 2.200.000 (эки миллион эки жүз) сом өткөрүп берүүчү гранттан келген акча каражатын максаттуу пайдалансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |