Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 3/11
“Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетные өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 “Тиешелуу аймактын социалдык-маданый инфраструктурасын онуктуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөсүнө ылайык жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевдин 15.08.2017-жыл № 190 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү”-билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:-
-Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа сатып алууга 700.000 (жети жүз миң) сом акча каражаты, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардагы көчөлөргө шагыл төшөөгө 500.000 (беш жүз миң) сом акча каражаты, таза-суу керектөөчүлөрдү таза-суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында трубаларды сатып алууга 300.000 (үч жуз миң) сом акча каражаты, калктуу конуштардагы кочолорду жарыктандырууга 400.000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты, Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов атындагы көчөнүн бир бөлүгүн асфальтоого 350.000 (үч жүз элүү миң) сом жана шайлоо тизмесин тактоого жана шайлоо учаскаларын даярдоого 200.000 (эки жүз миң) сом, жалпысынан 2.450.000 (эки миллион төрт жүз элүү миң) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 29.04.2002-жыл №76 "Бухгалтердик эсеп жөнүндөгү" мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.05.2011-жыл № 224 "Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жөнүндөгү типтүү" Жобонун талаптарын жетекчиликке алуу жана акча каражаттарын максаттуу иштетүү жагы жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламатгыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (А.Мамасалиевага) тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов |