ТоктомКүчүндө

Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин2017-жылдын 17-августундагы № 3/12 «Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын мандайындагы «Ленин» багын Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 кезексиз үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы 

2017-жылдын 17-августу № 3/12

 

“Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын мандайындагы “Ленин” багын Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»

Мыйзамынын 31 -беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгу» бөлүмчөсүн жана Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндөгу” кодексинин 76-беренесинин 1 жана 2 бөлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгу” Мыйзамынын 3-беренесинин 1 жана 2 бөлүктөрүн жетекчиликке алып депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 .Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын мандайындагы “Ленин” атындагы багы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.

2. Жер аянтынын документтерин жана жер аянтына укук берүүчү документтерин даярдоо жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңешинин агрардык, азык- түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер, жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Солпуевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Саипов