Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 3/12
“Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 “Тиешелуу аймактын социалдык-маданый инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөсүнө ылайык депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1.1 -Май айылындагы Субан уулу Алмас атындагы мектебинин от жагуучу жылытуу системасынын моору-темир трубасы 26-май 2017-жылы катуу шамалдан жарымы кулап түшкөндүктөн калыбына келтирүүгө 150.000 сом жана спорт залынын эскилиги жеткендиги полунун жыгачтары чирип калгандыктан ондоо иштерине 203.600 сом жалпысынан 353.600 (үч жүз элүү үч миң алты жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаты депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (А.Мамасалиевага) тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов
|