Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 3/14
«Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 1-Май айылындагы муниципалдык менчикте турган А.Юсупов атындагы орто мектебинин жер аянтына спорт зал курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгу» бөлүмчөсүн жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгу» Мыйзамынын 3- беренесинин 1 жана 2 бөлүктөрүн жана 19 “Муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө жөнүндөгу” статьясын жетекчиликке алып депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 1-Май айылындагы муниципалдык менчикте турган А.Юсупов атындагы орто мектебинин жер аянтына спорт зал курууга жер аянты бөлүп берилсин.
2. Жер аянтынын документтерин жана жер аянтына укук берүүчү документтерин даярдоо жаты Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |