ТоктомКүчүндө

Кара -Кулжа айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-августундагы № 3/9 «Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаттарын айыл өкмөтүнүн тендердик комиссиянын курамына сунуштоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

кезексиз үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

 

2017-жылдын 17-августу № 3/9

 

«Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаттарын айыл өкмөтүнүн тендердик комиссиянын курамына сунуштоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын “Сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып ачыктыктык, айкындык жана маалымдуулук принциптерин камсыздоо максатында депутаттардын Кара -Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн тендердик комиссиянын курамына Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төмөндөгү депутаттары сунушталсын:-

 Муратбеков Нурадыл:- он мандаттуу № 2 Совет шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты .

 Аттокуров Жылдызбек сегиз мандаттуу №1 1-Май шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты .

 Жоржоев Нуркамил:- жети мандаттуу № 3 Кара-Кулжа шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты .

 Авазов Акжол:- алты мандаттуу №4 Биймырза шайлоо шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты.

 Ташматов Алмаз:- он мандаттуу № 2 Совет шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты .

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардык Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн. 

 

Төрага

Б.Саипов