Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 4/7
“Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндөгү’' мыйзамын жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин 16 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” главасынын № 78 “Жергиликтүү кеңештеринин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2.3.4-бөлүкчөлөрүнө жана № 79 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2.3- бөлүкчөлөрүнө жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин, 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын журушу жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 “Тиешелуу аймактын социалдык- маданый инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү" бөлүмчөсүнө ылайык, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 05.10.2017-жыл № 4 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетинин киреше бөлүгү 3.000.000 (үч миллион) сом толуктоолор киргизилсин.
2. Э.Осмонов атындагы орто мектебинин электр энергия чубалгыларын оңдоого 277.390 сом жана башталгыч класстарынын киреберишин (козерог) жасатууга 44.330 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. С.Кокоев атындагы балдар бакчасынын жылытуу системасын оңдоого 285.560 (эки жүз сексен беш миң беш жүз алтымыш) сом жана чатырын оңдоп жанылап жабуу иштерине 791.106 (жети жүз токсон бир миң жүз алты) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. К.Ормокеев атындагы орто мектебинин электр энергия чубалгыларын оңдоого 295.730 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Кара-Кулжа айылындагы Аэропорт учаскасында жайгашкан 2 (эки) даана Артезиан кудугун оңдоого жана жаны электр энергия кыймылдаткычтарын орнотууга жергиликтүү бюджеттен депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышынын 17.08.2017-жылдын № 3 \ 7 токтому менен каралган 1.168.380 (бир миллион бир жүз алтымыш сегиз мин үч жүз сексен) сом акча каражатынан. айыл өкмөтүнүн имаратынын чатырчасын оңдоп жабууга 640.099 сом бөлүнүп берилсин жана акча каражатынын статьясы которулсун.
6. Б.Эшмамбетов атындагы орто мектебинин алдында уюштурулган балдар бакчасынын айланасын тосууга 220.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
7. 1-Май айылындагы № 1 китепкананын электр энергия боюнча документтерин тариздөөгө 10.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
8. Парчабу-Эне атындагы балдар бакчасына печка жана духовка сатып алууга 50.000 (злү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
9. З.Бекназарова атындагы балдар бакчасынын циркулациялык моторун сатып алууга 3.500 сом жана газ плита сатып алууга 12.500 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
10. Сейил атындагы балдар бакчасына печка сатып алууга 69.625 сом жылытуу системасын ондотууга 7.500 сом жана шкаф сатып алууга 27.500 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
11. Салкын-Жээк атындагы балдар бакчасына печка жана духовка сатып алууга 15.000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
12. Токтогул мектебинин печкасынын найларын ондоого 27.200 сом. шкаф сатып алууга 16.00 сом, электр жылыткычы үчүн 6.000 сом таза-суу тугугун киргизүүгө 30.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
13. Жоогазын атындагы балдар бакчасына газ плита жана принтер сатып алууга 25.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
14.1-Май айылындагы А.Юсупов атындагы орто мектебине спорт зал курууга 5.946.192 (беш миллион тогуз жүз кырк алты мин бир жүз токсун эки) сом. ал эми долбоор даярдоого 100.000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
15. Калктуу конуштардагы автоунаа жолдорго шагыл төшөп жайдырууга, асбест трубаларды орнотууга жана жарыктандырууга 1.200.000 (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
16. Кара-Кулжа айылындагы Аэропорт учаскасында жайгашкан 2 (эки) даана Артезиан кудугун ондоого жана жаны электр энергия кыймылдаткычтарын орнотууга жергиликтүү бюджеттен каралган акча каражаты экономдолгондуктан, Сай учаскасында № 26-33 артезиан кудугун оңдоого 548.024 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
17.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара -Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |