Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI-чакырылышындагы) кезектеги IV - сессиясы
2017-жылдын 18-декабры № 4/3
Катта-Талдык айылдык кенешинин аймагындагы калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программмасын бекитүү жөнүндөгү 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомун талкуулап чыгып Катта-Талдык айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025 - жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программмасы жетекчиликке алынсын.
2. Тиешелүү калктуу конуштардын заказчысы катары чыгуу жана бюджеттин ар жылдык пландарында башкы пландарды иштеп чыгуу үчүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 8-пунктуна ылайык каражат караштыруу жагы Катта-Талдык айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо тиешелүү туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Жолдошевге жүктөлсун.
Төрага | Э.Ураимов |