Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI-чакырылышындагы) кезектеги IV - сессиясы
2017-жылдын 18-декабры № 4/8
«Катта- Талдык айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-октябрындагы №312 токтомунун негизинде Баш – Булак айылынын Жаны – Турмуш участкасындагы социалдык обьектилерге каралган жер тилкесинин башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-октябрындагы №312 токтомунун негизинде Баш-Булак айылынын Жаёы-Турмуш участкасындагы социалдык обьектилерге каралган жер тилкесинин башкы планына өзгөртүүкиргизүү максатында Катта-Талдык айылдык кеңеши токтом кылат
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-октябрындагы №312 токтомунун негизинде, Баш-Булак айылынын Жаёы-Турмуш участкасындагы социалдык обьектилерге каралган жер тилкесиндеги, башкы планда көрсөтүлгөн тейлөө үйү менен балдар бакчанын ордун алмаштырып. Жаёыдан курула турган балдар бакчасын орду 0,50 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2. Токтомду аткарууга тиешелүү иш кагаздары даярдоо жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Жолдошевке тапшырылсын.
Төрага | Э.Ураимов |