Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры №27-12/3
№2 орто мектебине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2016-жылдын 29-ноябрындагы, кир.№01-7/596 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, иневестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Каракол шаарынын финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), №2 орто мектебинин электрлештирүү иштерин бүтүрүү үчүн, 32 200 (отуз эки миң эки жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, №2 орто мектебинин жылытуусунан үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен бөлүп берсин.
Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Токтом ММКларда жарыялансын.
Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, иневестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |