Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры №27-12/1
"Жашылдандыруу чарбасы" муниципалдык ишканасынын 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча иши жөнүндө
"Жашылдандыруу чарбасы" муниципалдык ишканасынын директору У.Д.Ишембаевдин, "Жашылдандыруу чарбасы" муниципалдык ишканасынын 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча иши жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жашылдандыруу чарбасы" муниципалдык ишканасынын директору У.Д.Ишембаевдин 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А.Ишембиев), Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |