Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 61 «Атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 61
Кабыл алынган
2018-жылдын 5-апрели
Чыгарган
Бишкек шаардык кенеши

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
www.gorkenesh.kg · 2018-жылдын 5-апрели
Реестрде
2018-жылдын 12-апрели

Реестрде

Минюст коду
402235

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция05.04.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БИШКЕК ШААРДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

2018-жылдын 5-апрели № 61

Атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө

“Айкөл Ала-Тоо” жана “Мекен шейиттери” коомдук бирикмелеринин кайрылууларын эске алуу менен, 2010-жылдын 7-апрели элдик революциясынын атын түбөлүккө калтыруу максатында, 2017-жылдын 4-апрелиндеги Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын корутундусун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 60 “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу” токтомун жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү көчөлөрдү кайра атоо жолу менен 7-апрель окуясынын аты түбөлүккө калтырылсын:

а) 1-тиркемеге ылайык Чүй проспектинен Бишкек шаарынын түштүк чектерине чейинки Шабдан Баатыр көчөсү 7-апрель көчөсүнө;

б) 2-тиркемеге ылайык, Мухтар Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки Чүй проспектинин бөлүгү Шабдан Баатыр проспектине.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте аншлагдарды орнотууну жүргүзсүн.

3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалык (Берикбаев Б. Ж.), “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы (Тулебердиев А. Т. ) учеттук жана маалыматтык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

 А. М. Кененбаев

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.