Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 14/5/27
"Люксембург айыл аймагынын 2016-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана Люксембург айыл аймагынын 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө"
Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбекованын "Люксембург айыл аймагынын 2016-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана 2017-жылга Люксембург айыл аймагынын бюджетин бекитүү жөнүндө" маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы жергиликтүү бюджеттин чыгымдары айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталып, максаттары так көрсөтүлүп, каражаттар, ар бир беренеге ылайык акча каражаттары бөлүнгөнүн белгилейт
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбекованын маалыматы эске алынсын.
2. Люксембург айыл аймагынын 2017-жылдагы бюджети атайын эсеп менен кошо 17,473.1 миң сом өлчөмүндө төмөнкүдөй бөлүнүп бекитилсин:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр - 3747,5 миң сом;
- турак-жай коммуналдык чарба - 7852,1 миң сом;
- китепкана - 294,6 миң сом;
- маданият - 580,7 миң сом;
- Киршелк орто мектеби - 1171,6 миң сом;
- Я.Я.Ваккер атындагы орто мектеби - 1311,0 миң сом;
- бала бакча - 1065,6 миң сом;
- социалдык коргоо - 1100,0 миң сом;
- атайын эсеп - 350,0 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Кожонов |