Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 17/5/27
Люксембург айылдык кеңешинин депутаттык бош мандатты алуу жөнүндө
Люксембург айылдык кеңешинин №1-округунун №7139-шайлоо тилкесинин депутаты Буйляшев Эсенбол Туратович Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айылдык кеңешинин №1-округунун №7139-шайлоо тилкесинен шайлоого катышкан шайлоочулардын көпчүлүк добушуна ээ болгон (жүз жыйырма төрт) Кадыркулов Фархад Эсеновичтин талапкерлиги депутаттыкка көрсөтүлсүн.
2. Кадыркулов Фархад Эсеновичтин талапкерлигин бекитүү үчүн бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
Төрага | А.Кожонов |