Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-майы № 22/7/27
"Экскаватор алуу үчүн акча каражатын бир беренеден экинчи беренеге өткөрүү жөнүндө"
Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С. Абалбекованын экскаватор алуу үчүн акча каражатын бир беренеден экинчи беренеге өткөрүү боюнча маалыматын угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жолдорго таш төшөө демөөрчүлөр аркылуу жүргүзүлгндүгү жана дренаждык тармактарды тазалоо иштери жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу Люксембург айыл өкмөтүнөн экскаватор алууга 1500,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.И.Сейталиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Кожонов |