Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-майы № 22/7/27
"камсыздоо тутумунун электр чубалгыларын тартууну аягына чыгаруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө"
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин «Жайылма» жаңы конушуна электр менен камсыздоо тутумунун электр чубалгыларын тартууну аягына чыгаруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл өкмөтү «Жайылма» жаңы конушунун электр менен камсыздоо тутумунун электр чубалгыларын тартууну аягына чыгаруу үчүн 200,0 миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.И.Сейталиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Кожонов |