Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-ноябры № 32/10/27
«Комильфо» дүкөнүнө ээ болуу жана Люксембург айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө»
Люксембург айылдык кеңешинин депутаты Д.Толегоновдун «Комильфо» дүкөнүнө ээ болуу жана Люксембург айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө» маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле КРнын “Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 2,3,4,5,9-беренелеринин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
Люксембург айыл өкмөтү:
- Люксембург а., Ленина көч. 168-үйүндө жайгашкан «Комильфо» дүкөнүнү имаратын муниципалдык менчикке алуу үчүн тиешелүү документтерди даярдасын;
- Люксембург а, Ленин көч. 168-үйүндө жайгашкан имарат 1255000 (бир миллион эки жүз элүү беш миң) сом өлчөмүндө Люксембург айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин каражатына алынсын;
- муниципалдык менчик Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн;
- алынган имарат Люксембург айыл өкмөтүнүн мүлктүк муниципиалдык менчик объектилеринин Реестрине киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Д.Тентишевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Кожонов |