Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-ноябры № 34/10/27
“ФАП имаратынын курулушуна жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”
Жер маселелери боюнча адис А.Бакыт уулунун ФАП имаратынын курулуш зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Люксембург айыл өкмөтү Киршелк айылынын Мичурин көчөсүнөн номери жок жер тилкесин ФАП имаратынын курулушуна бөлүп берүү боюнча тиешелүү документтерди даярдасын.
2. Люксембург айыл өкмөтү жер тилкесинин менчик укугун Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Д.Тентишевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Кожонов |