Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-ноябры № 35/10/27
«Люксембург жана Киршелк айылдарынын жерин кеңейтүүгө которуу жөнүндө»
Люксембург айылдык кеңешинин депутаты Д.Т.Толегоновдун КРнын Жер Кодексинин 11,13,15-беренелерине жана КРнын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамына ылайык Люксембург жана Киршелк айылындагы жерлерди кеңейтүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. №111-контурдагы – 14,4га башкалардын колдонуусундагы жер тилкеси (мектептин жери), калктуу конушка тиешелүү; №153- контур – 2,8га огороддор, №152 -1,9 га бакча, Люксембург айылын кеңейтүү үчүн жана №95-контур – 17,7га (тыт) Киршелк айылын кеңейтүү үчүн Люксембург айыл өкмөтүнүн жери болуп эсептелген калктуу конуштардын жалпы аянты 36,8 га жери жеке турак үйлөрдү салууга которулсун.
2. Люксембург айыл өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелерине башкы планды даярдасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Д.Тентишевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Кожонов |