Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2018-жылдын 14-марты № 2/2
Бала-бакчаны ачуу боюнча
Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.И.Корголдоевтин маалыматын угуп жана талкуулап Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Шалта айылындагы Доронбеков атындагы орто мектептин бир бөлүгүн толук кандуу он сааттык программа менен бала-бакча ачылсын;
2. Бала-бакчага тиешелүү баардык документтерди мыйзам чегинде даярдоо жагы, айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн;
3. Бул токтом Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Астаркулов |