Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2018-жылдын 14-марты № 2/7
Жайыт жерин ижарага берүү боюнча
Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Күнтуу айыл аймагынын жайыт комитетине, мыйзам чегинде туристик багытта колдонуу үчүн, жайыт жерин ижарага берүүсү сунушталсын;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жайыт комитетинин төрагасы, Т.Бегалиевке жүктөлсүн;
3. Бул токтом Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Астаркулов |